Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Каракол шаарында көчө радиосу иштей баштады

© © SputnikУличное радио "Эхо Каракола"
Уличное радио Эхо Каракола - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоор "Ысык-Көлдү өнүктүрүү" фондусунун колдоосу менен ишке ашкан

КАРАКОЛ, 27-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы аллеяга "Каракол жаңырыгы" аттуу көчө радиосу орнотулду.

Мындай демилгени Караколдун маданият үйүнүн директору Саламат Медербеков эки жыл мурда көтөргөн.

"Мен оператор болуп иштеп жүргөндө Рух-Ордодон ролик тартып калдым. Ал жакта ташка орнотулган колонкалардын кыргыз музыкалары жаңырып турганы мага абдан таасир берген. Караколго келип бул идеяны колдонуу керектигин ойлоп жүрдүм", — деди ал.

Балдар үйүнүн тарбиялануучулары Sputnik агенттигине баш багышты - Sputnik Кыргызстан
Sputnik агенттигинин кеңсесине балдар үйүнүн тарбиялануучулары баш бакты
Көчө радиосун орнотууну калаа мэри Данияр Арпачиев менен вице-мэр Адыл Каниметов дагы колдоого алган. Демилге "Ысык-Көлдү өнүктүрүү" фондусунун колдоосу менен ишке ашкан.

Медербеков көчө радиосун шаардын башка көчөлөрүнө дагы орнотуу каралып жатканын кошумчалады.

Радиодон кыргыздын элдик чыгармалары коюлат. "Каракол жаңырыгы" көчө радиосу облус аймагындагы мындай форматтагы жападан жалгыз радио болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0