"Ала-Тоо" конушундагы газ түтүктөрүнүн 50 пайызы курулуп бүттү

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекВ ближайшее время в Бишкеке будет проложено 300 километров газопровода
В ближайшее время в Бишкеке будет проложено 300 километров газопровода - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган конуштагы газ түтүктөрүн куруу үч бөлүктөн туруп, анын узундугу жалпысынан 31,8 чакырымга жетет

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бүгүнкү күндө Бишкектеги "Ала-Тоо" жаңы конушуна газ бөлүштүрүү түтүгүн куруу иштеринин 50 пайызы, тагыраагы 14,4 чакырымы аяктады. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Жаңы доорго кырк кадам 2018-2023" программасын ишке ашыруу боюнча өкмөттүн алгачкы пландарына "Ала-Тоо" жаңы конушундагы 1 600 түтүнгө жаратылыш газын жеткирүү иштери кирет.

Аталган конуштагы газ түтүктөрүн куруу үч бөлүктөн туруп, анын узундугу жалпысынан 31,8 чакырымга жетет.

Ушул тапта курулуш ишин жүргүзүп жаткан "Декабрист" ЖЧКсы 14,3 чакырымдын курулуш-монтаж иштерин аягына чыгарды.

Жаңылыктар түрмөгү
0