Өзгөндө жер көчкүдөн жабыркаган 241 үй-бүлө турак жай куруп жатат

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской областиСтроительство домов для пострадавших от оползня в Ошской области
Строительство домов для пострадавших от оползня в Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөн районунда жарандарды кооптуу аймактан көчүрүп чыгуу үчүн 740 жер тилке бөлүнүп берилген.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов Өзгөн районундагы жер көчкүдөн улам Ана-Кызыл участкасына көчүрүлгөн элден кабар алууга барды. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган райондо жарандарды кооптуу аймактан көчүрүп чыгуу үчүн 740 жер тилке бөлүнүп берилген.

"Жалпы Өзгөн районунун аймагында 241 үйдүн курулушу башталган. Алардын 117си пайдубалын, 75и дубалын тургузуп бүтсө, 49 үйдүн чатыры жабылган. Аларды арзан баадагы курулуш материалдары менен камсыз кылуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Последствия землетрясения в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алайда жер титирөөдөн жабыркагандарга 81 турак жай курулмай болду
Ошондой эле аталган аймакка 26,4 миллион сомго таза суу чыгарылып, электр энергиясы алып келинген. Узундугу үч чакырымга жеткен ички чарбалык жол салуу жана шагыл төшөөгө эки миллион сом жумшалган. Муну менен бирге болжолдуу сметалык баасы 56 миллион сомдук 275 орундуу мектептин курулушу башталган.

Эскерте кетсек, Өзгөндүн Аюу айылында 29-апрелде жер көчүп алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган. Ага удаа Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш менен Маркс айылдарынын ортосунда жер көчкү жүрүп турак жайларды жарактан чыгарган. Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында 26-март күнү таңга жуук жер көчкү жүрүп, төрт балалуу үй-бүлөнү басып калган.

Кырсык чалган айылдыктар чатырларга көчүп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0