БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Нарын шаарындагы Өзгөчө кырдалдар министирлигинин кызматкерлери үчүн курулуп жаткан 24 батирлүү үй техникалык коопсуздукка жооп бербейт. Бул тууралуу Мамэкотехинспекция кабарлады.
Билдирүүгө ылайык инспекциянын Нарын облусундагы кызматкерлери аталган үйдүн курулушун текшерүүгө алган.
"Жыйынтыгында курулуп жаткан үйдө энергетикалык, өрт көзөмөлү жана жумушчулардын эмгек коопсуздугун эске алынган эмес. Мындан улам курулуштун прорабы Азамат Самидиновго жеринен протокол түзүлүп, 7500 сом административдик айып салынып, толугу менен мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү", — деп жазылат маалыматта.
Келтирилген кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча бир ай мөөнөт берилди. Мындан улам коюлган талаптар өз учурунда аткарылбаса, курулушту жүргүзүү токтотулуп иш сотко өтө турганы кошумчаланды.