Ошто уникалдуу азык-түлүктөрдүн көргөзмөсү өттү

© Фото / Ольга НиязалиеваБириккен улуттар уюмунун (БУУ) Оштогу фестивалында фермерлер инновациялык азык-түлүктөрдү көргөзмөгө койду
Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Оштогу фестивалында фермерлер инновациялык азык-түлүктөрдү көргөзмөгө койду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айылдыктар индиялык анар, киноа, кичинекей ашкабак эгип, топоздун сүтүнөн курут жасашкан

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Оштогу фестивалында фермерлер инновациялык азык-түлүктөрдү көргөзмөгө койду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

© Фото / Ольга НиязалиеваБириккен улуттар уюмунун (БУУ) Оштогу фестивалында фермерлер инновациялык азык-түлүктөрдү көргөзмөгө койду
Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Оштогу фестивалында фермерлер инновациялык азык-түлүктөрдү көргөзмөгө койду - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Оштогу фестивалында фермерлер инновациялык азык-түлүктөрдү көргөзмөгө койду
© Фото / Ольга НиязалиеваШейшемби күнү, 24-октябрда Ошто биринчи жолу айылдык кыз-келиндердин жетишкендиктерине арналган фестиваль өттү.
Шейшемби күнү, 24-октябрда Ошто биринчи жолу айылдык кыз-келиндердин жетишкендиктерине арналган фестиваль өттү. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Шейшемби күнү, 24-октябрда Ошто биринчи жолу айылдык кыз-келиндердин жетишкендиктерине арналган фестиваль өттү.
1/2
Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Оштогу фестивалында фермерлер инновациялык азык-түлүктөрдү көргөзмөгө койду
2/2
Шейшемби күнү, 24-октябрда Ошто биринчи жолу айылдык кыз-келиндердин жетишкендиктерине арналган фестиваль өттү.

Шейшемби күнү, 24-октябрда Ошто биринчи жолу айылдык кыз-келиндердин жетишкендиктерине арналган фестиваль өттү. Иш-чаранын алкагында инновациялык айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсү болуп өттү.

"Фермерлер Кыргызстан үчүн жаңылык болгон киноаны көрсөтүштү. Ал "алтын дан" деген аталыш менен дагы таанымал. Курамында белок, микроэлементтер, минералдар жана аминокислоттор бар. Мындан тышкары, конокторго Индиянын анары, кичинекей ашкабак, жийде жана топоздун сүтүнөн жасалган курут тартууланды", — деди кабарчы.

Анын айтымында, катышуучулардын көңүлүн индиялык анар өзгөчө бурган. Аны жергиликтүүлөр ажыанар деп атап алышкан. Себеби бул өсүмдүктү өстүргөн аял анын уругун ажылыкка барганда алып келген экен.

Фестивалга БУУнун Кыргызстандагы координатору Геральд Гюнтер катышып, мындай иш-чаралардын арты менен уюмдун өкүлдөрү жарандарды Кыргызстан менен БУУнун биргеликте аткарып жаткан иштери менен тааныштырып турарын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0