Уурдалган телефон милиция кызматкеринен табылды. Иликтөө жүрүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековКолунда телефон кармаган адам. Архив
Колунда телефон кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук активист Болот Ибрагимов жарандын телефону уурдалып, кийин аппараттын iCloud сактагычында Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлеринин телефон номерлери пайда болгонун жазган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Уурдалган телефон Бостери аймактык милиция кызматкеринин жанынан чыкканын Ысык-Көл облустук ИИБдин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Буга чейин коомдук активист Болот Ибрагимов жарандын телефону уурдалып, кийин аппараттын iCloud сактагычында Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлеринин телефон номерлери пайда болгонун жазган.

Усубакунов телефон Чүй облусунда жоголуп, кылмыш иши козголгонун билдирди.

"Уурдалган аппарат Бостери аймактык милиция кызматкеринен табылды. Бул телефон кантип анын колуна тийгенин аныктоо үчүн кызматтык териштирүү жүрүүдө", — деди ал.

Усубакунов уурдалган телефон ээсине кайтарыла турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0