Боршайком 8 шайлоо участогундагы добуш берүүнү жараксыз деп тапты

Жазылуу
Шайлоо участкаларындагы мыйзам бузуу боюнча материалдар укук коргоо органдарына тапшырылды

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы 8 шайлоо участогундагы добуш берүүнү жараксыз деп тапты. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Дүйшөмбү күнү бардык 54 аймактык шайлоо участкаларынан протоколдорду кабыл алуу аяктаган. Алардын айрымдарында бюллетендердин саны шайлоочулардыкынан ашып кеткен.

Андыктан төмөнкү аймактык шайлоо участкаларындагы (АШК) добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган:

  • Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы төрт АШКда — №2118 (айырма 577), №2119 (айырма 259), №2120 (айырма 126), №2126 (айырма 85);
  • Чүй облусунун Сокулук районундагы №7269 шайлоо участкасы (айырма 55);
  • Анкара (Түркия) шаарындагы №9036 участкасы (айырма 9);
  • Бишкектеги №2143 участкасы (айырма 2).

Шайлоо участкаларындагы мыйзам бузуу боюнча материалдар укук коргоо органдарына тапшырылды

Эске салсак, президенттик шайлоо 15-октябрда өтүп, анда 11 талапкер ат салышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0