Ийгиликке кантип жетип, кантип көп акча табуу керек. Ишкерден 8 кеп-кеңеш

© Sputnik / Табылды КадырбековБизнесмен, владелец теплиц Тилек Токтогазиев
Бизнесмен, владелец теплиц Тилек Токтогазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеке ишкер Тилек Токтогазиев өз ишин коктейль жасоо менен 18 жашында баштаган. Кийин кофекана ачкан, ал эми азыр өлкөнүн айыл чарба тармагын өнүктүрүүдө.

Адис Sputnik Кыргызстандын окурмандары үчүн ийгиликке жетүүнүн сырлары менен бөлүшөт.

Седьмая годовщина Апрельской революции 2010 года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жашоосун өзгөрткөн жети ишкер. Өлкө силер менен сыймыктанат!
1. Дал ушул турган жериңде жана азыр жашаш керектигине толук ынанам. Эгер бир нерсеге жетүүнү самасаңыз, коркунуч жана шектенүүлөрдүн баарын жеңип, анын ордуна иш жүрүшүнөн канаат алууга үйрөнүңүз. Келечек – аны эч ким болжоп билбеген бир элестүү кыял. Өткөн кез – эбак болуп, бүткөн нерсе. Ошондуктан ушул текстти окуп жаткан азыркы учуруңузга куштарланыңыз.

Өтмүшүңүз тууралуу ойлорду акылыңызда кайра-кайра айландыра бербеңиз, баары бүткөн, ал эми келечек – азырынча сизге жабык эшик, сиздин бир гана – ушул жерде жана дал ушул убакта болуу мүмкүнчүлүгүңүз бар.

2. Оор убактарда өзүңүзгө собол салыңыз:

Сен кимсиң? Бул суроонун жообун таба алчу адамсыңбы же жоопкерчиликтен качып, курмандыктын бет кабын кийгиси келген кишисиңби?

Кулакка көнүмүш болуп бүткөнү менен менен баарыбызда тандоо мүмкүнчүлүгү бар.

3. Кайсы бир ишти баштардан мурун өзүңүздөн сураңыз:

— Бул мен көксөгөн нерсеби?

Реплика Чунцинаа, построенная из монет и агатовых камней в Китае - Sputnik Кыргызстан
Шумкарбек Адилбек уулу: инвесторду эптеп көндүрсөк, салык менен Соцфонд чыга калат
Бирок бул оңой собол эмес, ал үч нерсени камтыйт, анткени, биздин каалообуздун аркасында кыял жана башка адамдын дымагы бар. Эгер бул каалоо өзүңүзгө таандык болсо, анда кийинки баскычка өтөбүз. Соңку бутаны канчалык даана байкап турасыз? (Сырымды ачайын: аны SMART тутуму боюнча түзүп чыгууга болот. Бул программа боюнча интернеттен жайнаган маалымат таба аласыз, андыктан, буга көңүлүңүздү буруп, убактыңызды албайын).

Акыркы тепкич – каалоо! Эгер бул каалоо чыныгы болсо, анда азыр жана ушул жерде кыялыңызды орундата баштаңыз. Ушул таптагы каалоону улам артка жылдырбаңыз. Анын эрдик жасоого шыктандырчу керемет кудурети бар. Өз каалоосу күчтүү адамдар заматта бүт дүйнөнү өзгөртө алат.

4. Окшош каалооңуз бар адамдарды табыңыз. Мүмкүнчүлүктөрдү бириктирип, орток кыялды орундатыңыз.

5. Татыктуу адамдар курчап турганына ишениңиз, өзүңүз да ушул деңгээлди карманыңыз. Ошондой эле өзүңүздү кабылдап, өзүңүздү сүйүп, анан ушул сезим менен айланаңыздагылар менен да бөлүшүңүз.

6. Жеке өнүгүүңүз үчүн "ар күнкү кичи кадамдардын" күчүн колдонуңуз. Ар бир күнүңүзгө сизди жакшырта турган ырасымдарды киргизиңиз, таңкы көнүгүүлөрдөн баштаңыз же мите сөздөрдөн арылыңыз.

7. Дайым ыраазы болуңуз, муну жашырбаңыз жана жылмайып жүрүңүз.

8. Соңунда кыргыздын накыл кептеринен бир шиңгил, кармана жүрүңүз: "Асыл ой, ак сөз, адал иш".

Жаңылыктар түрмөгү
0