Өкмөт окумуштууларга төлөнүүчү кошумча акчанын көбөйө турганын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональная валюта Кыргызстана — сом
Национальная валюта Кыргызстана — сом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бюджеттен буга кеткен кошумча чыгым жылына 72,3 миллион сомду түзмөкчү

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Өкмөт окумуштуулук даража үчүн кошула турган акчаны үч эсе көбөйтүүнү карап жатат. Бул багыттагы токтом долбоору Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтында жарыяланган.

Анда мындай токтом "Жаңы доорго кырк кадам 2018–2023" программасынын алкагында аткарыла турган иш-чаралардын бири экендиги белгиленген.

Ал эми министрликтен бүгүнкү күндө өлкөдө илимдин приоритеттүү багыттарын аныктоо жүрүп жана кадамдап өнүктүрүү пландалып жаткандыгы кабарланган. Алардын бири — окумуштуулардын, ЖОЖдордун педогогдордун жана профессордук-окутуучулар курамынын маянасына ай сайын кошумча төлөнүүчү каражат экендиги айтылган.

Долбоорго ылайык, илимдин докторуна берилүүчү каражатты 1 800 сомго (учурда 600), илимдин кандидаттарына берилүүчү каражатты 900 (учурда 300 сом) жеткирүү каралууда. Буга бюджеттен кеткен кошумча чыгым жылына 72 миллион 338 миң 400 сомду түзмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0