Кыргызстандан кеткиси келчү эмес. Жол кырсыгынан каза болгон израилдик тууралуу

© Фото / Алекс Супинский Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан каза тапкан израилдик жаран. Архив
Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан каза тапкан израилдик жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан израилдик 60 жаштагы жаран набыт болгон

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан каза тапкан израилдик жаран кыргызстандык аялга үйлөнүп, өлкөдө 17 жылдан бери жашап келген. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына маркумдун досу Алекс Супинский билдирди.

"Ал Кыргызстанды аябай жакшы көрчү. Израилдеги достору качан туулган жериңе келесиң деп сурап калышканда, ар дайым "мен Кыргызстанды жан дилим менен сүйүп калгам. Бул жакта үй-бүлөм бар. Кыргызстандан кете албай калдым го" деп жооп берчү", — деди Супинский.

Кыргызстанда каза тапкан израилдик турист Хилла Ливне - Sputnik Кыргызстан
Сары-Челекте каза болгон израилдик кыздын эгизи элге ыраазычылык билдирди
Анын айтымында, маркум Кыргызстанга келген алгачкы жылдары курулуш бизнеси менен алектенген. Кийин туризм тармагына өтүп, акыркы жылдары туристтик агенттикти жетектеп келген.

"Досум акыркы жылдары Ысык-Көлдүн Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында мейманкана ачуу менен алектенип жүргөн. Бир жолу мага кызым чоңойсо, туристтик бизнесимди өткөрүп берет элем деп айткан", — деди ал.

Маалыматка караганда, маркум сентябрь айында Сары-Челек коругунда жоголгон израилдик турист Хилла Ливнени издөөгө активдүү катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0