Чек ара кызматы: дем алыш күндөрү чек арада элдин саны көбөйүшү күтүлүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековСитуация на КПП "Ак-Тилек" на кыргызско-казахской границе
Ситуация на КПП Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек арадагы абал Бишкек менен Астана сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин жакшырган

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасында дем алыш күндөрү элдин саны көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Тигүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир жумада 17 кардар жоготтук! Чек ара көйгөйү КР тигүүчүлөрүн сызга отургузууда
Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү пунктуна барып, унаалар менен адамдардын өтүшү жакшырганы менен кезек күтүү дале жоюлбаганына күбө болгон. Ар бир 10-15 мүнөт сайын 5-6 унаа жана 5 мүнөт сайын 10дон адам өтө баштаган.

Жергиликтүү сатуучулардын айтымында, кезек менен унаа тыгын түшкө маал жаралган. Ага чейин көзөмөл өткөрүү бекетинин айланасы тынч болгон. Чек ара кызматы дагы бул маалыматты ырастап, түшкө жакын 200гө жакын адам топтолгонун маалымдады.

"Эртең дем алыш күн болгондуктан киши агымынын көбөйүшүн күтүп жатабыз. Дал ушул учурда 70ке жакын адам турат. Башкача айтканда, элдин саны азайды. Ошондой эле 20-25 жеңил унаа кезекте турат. Ар бир автоунаа беш мүнөт сайын кое берилүүдө", — деп Чек ара кызматынан кабарлашты.

Чүй облусундагы "Ак-Тилек" пунктунан саат сайын 8 оор жүк ташуучу унаа кое берилип жатканы маалыматта белгиленген. Жалпысынан бул бекетте 400гө жакын унаа турат.

Чек арада кезекте турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиядан Казакстанга кире албай бир жума турган кыргызстандык унаалар өтө баштады
Ал эми Талас облусундагы "Чоң-Капка" өткөрмө бекетинде 40-50гө жакын жүк ташуучу унаа бар.

Чек арадагы тоскоолдуктар 10-октябрда жаралган. Астананын маалыматына караганда, бул карантиндик продукциялардын импорттолушуна бөгөт коюу үчүн жасалып жатат. 18-октябрь күнү премьер-министр Сапар Исаков Казакстанга барып жүргүнчүлөр автобустарын, жеңил автолор менен жүк ташуучу унааларды кое берүү боюнча макулдашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0