Оштун Ноокат районунда Алма фестивалы өтөт

© Sputnik / Айида БатырбековаАлма. Архив
Алма. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын негизги максаты Ноокат алмасын чет элдик базарларга алып чыгуу

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районунда 27-октябрь күнү Алма фестивалы өтө турганын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Иш-чара жергиликтүү бийлик жана ПРООН тарабынан уюштурулууда.

"Фестивалдын максаты — Ноокат алмасын жергиликтүү жана чет элдик базарларга алып чыгуунун эффективдүү чараларын кабыл алуу, экспорт маселелерин талкуулоо үчүн аянтча түзүү", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, иш-чара логистикалык борборду өнүктүрүү үчүн донор жана инвестиция тартуу максатын да көздөйт.

Белгилей кетсек, фестиваль ушуну менен үчүнчү жолу өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0