Картайганча чың ден соолукта жашоонун ыкмалары табылды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүСоода кылып жаткан кары адам. Архив
Соода кылып жаткан кары адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор 1946-жылы туулган миңге чукул британиялыктардын жашоосуна байкоо салган

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Улуу Британиядагы окумуштуулар тобу картайганча чың ден соолукта жашоонун ыкмаларын аныктап чыгышты. Бул туурасында РИА Новости The Journals of Gerontology: Series A басылмасына шилтеме кылып жарыялады.

Кара моюл(черника). Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар экзамендин алдында жей турган пайдалуу мөмөнү аташты
Илимпоздор 1946-жылы туулган миңге чукул британиялыктарды иликтөөгө алган. Алардын жашоо образына, эмне тамак жей тургандыктарына жана жашы өткөн кезиндеги ден соолугуна байкоо салынган.

Ал кишилер өмүр бою диета кармашкан жана ушул куракка чейин оорубай, бекем ден соолукта жашап келишкен.

Иликтөөнүн автору Сиан Робинсон жаш улам өйдөлөп бара жаткандардын тың болушуна жана жумушка жарамдуу болушуна туура тамактануу жакшы жардам берерин айткан.

Ал негизи орунда жашылча-жемиштер, дан азыктары турарын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0