Прокуратура "Манас" аэропортуна барчу жолго коюлган жарык боюнча иш козгоду

© пресс-служба мэрии города БишкекУлица Курманджан Датки засияла новыми светодиодными лампами
Улица Курманджан Датки засияла новыми светодиодными лампами - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт жана жолдор министрлигинин жол чарба департаментинин өкүлдөрү мыйзамга каршы аракеттерди жасаган

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Башкы прокуратура эл аралык "Манас" аэропортуна барчу жолго коюлган жарык боюнча кылмыш ишин козгоду.

Мекеменин маалыматына ылайык, кылмыш иши аукцион, тендерди өткөрүүнүн эрежесин бузуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу беренелери боюнча козголгон.

"Аталган жол тилкесин жарыктандыруу боюнча электр жабдууларын сатып алууда Транспорт жана жолдор министрлигинин Жол чарба департаментинин өкүлдөрү тандоонун эрежелерине туура келбеген учурларга карабай "А.Т." ЖЧКсы менен 74 миллион 996 миң сомго келишим түзгөн. Ошол эле учурда буга чейин макулдашылган долбоорго ылайык келбеген иштер аткарылганына карабай ал тийиштүү актылар менен кабыл алынган. Ошентип подрядчиктин эсебине негизсиз түрдө 84 миллион 865 миң сом которулган. Аныгында келишим боюнча мындан аз суммалык иш аткарылган", — деп айтылат маалыматта.

Кылмыш иши папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жумгалдан Сокулуктагы кишилерге жалган маалым кат бергендерге иш козголду
Андан сырткары 2,7 чакырым жерди жарыктандырууда дагы эреже бузуулар аныкталып, жарык жолдун ортосуна гана коюлган, бирок эреже боюнча жарыктандыруу жолдун эки капталына коюлушу керек болчу.

Ал эми 2016-жылы 7-декабрда жолдун жээгине кабелдерди орнотуу үчүн жерди кол менен казуу боюнча кошумча келишим түзүлгөн. Бирок иштер техниканын күчү менен ишке ашкан. Ошентип Транспорт жана жолдор министрлигинин жол чарба департаментинин кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 6 миллион 324 миң сом зыян келтирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0