Элдин даттануусунан кийин 4 салыкчы кызматтан алынды

Жазылуу
9 айда жарандардан ар кандай маселелер боюнча 132 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Тогуз ай ичиндеги жарандардын даттанууларын текшерүүнүн жыйынтыгы менен төрт салыкчы кызматтан бошотулганын Салык кызматы билдирди.

Ага ылайык, 9 айда жарандардан ар кандай маселелер боюнча 132 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. Алардын ичинен 45 кайрылуу – электрондук почта аркылуу, 17 билдирүү – "ишеним телефонуна" келип түшкөн.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө салыкчыларга карата 37 даттануунун ичинен 6 факт ырасталган. Кабыл алынган тийиштүү чаралардын жыйынтыгында 4 кызматкер ишинен бошотулса, анын экөө "ишенимден кетти" деген негиз менен бошотулган. Эки кызматкерге карата катуу сөгүш, дагы 6 кишиге эскертүү берилген", — деп айтылат маалыматта.

Салык кызматы жарандардан даттанууларды жана кайрылууларды "ишеним телефону" жана электрондук почта аркылуу кабыл алат. Ошондой эле коомдук кабыл алуу аркылуу да кайрылууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0