Шамалдын кесепетинен "Төкөлдөш" менен "Чыгыш-5" аймагында жарык болбойт

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСвеча
Свеча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
18-октябрга караган түнү ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен катуу шамал болуп, электр зымдарга зыян келтирген

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Борбор калаада катуу шамал үзүп кеткен электр зымдарын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди.

Мындан улам Бишкектин "Төкөлдөш" конушунун түндүк тарабында, "Чыгыш-5" кичирайонунун түштүк жагында, Свердлов акимиаты менен №66 мектепте электр энергиясы болбойт.

"Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери саат 14.00гө чейин уланат", — деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 18-октябрга караган түнү ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен катуу шамал болуп, электр зымдарга зыян келтирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0