12:50 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Суу сактагычы. Архив

Киров суу сактагычындагы суунун 3,5%ы гана кое берилмей болду

© Sputnik / Игорь Агеенко
Коом
Кыскача шилтеме алуу
37510

Суу чарба департаментинин жетекчисинин айтымында, сууну кое берүү кыргыз-казак мамилесине тиешеси жок

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Талас облусундагы Киров суу сактагычынан 20 миллион куб метр суу кое берилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу чарба департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев билдирди.

Буга чейин Айыл чарба министрлиги суу сактагычта оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн сууну кое берүү пландалып жатканын маалымдаган.

Таштаналиевдин айтымында, суу сактагычтын жалпы көлөмү 550 миллион куб метр, ал эми 20 миллион куб жалпы көлөмдүн 3,5 гана пайызын түзөт.

"Мында эч кандай саясат жок. Бул көлөмдөгү суунун кое берилиши айдоо жерлерине коркунуч жаратпайт. Сугат учуру аяктагандыктан, суу сактагычта болгону 30 миллион куб метр суу калды. Эми бир метрлик ченге чейин сууну кое беребиз. Ошондо 10 миллион куб суу калат", — деди Таштаналиев.

Ал ошондой эле 2018-жылдын апрель айындагы сугат иштерине карата суу сактагыч толуп каларын белгиледи. Кыргызстан бул боюнча казак тарапка билдирме жөнөткөн.

Департамент башчысы суу 19-октябрда кое берилерин айтты.

Киров суу сактагычы Манас жана Кара-Буура райондорунун ортосунда жайгашкан. Суу сактагычтын негизги иши Талас өрөөнү менен Казакстандын айдоо жерлерин суу менен камсыздоого багытталган.

Тема боюнча

Кыргыз өкмөтү Киров суу сактагычындагы сууну кое берет
Кыргызстан электр энергиясын экспорттой баштады. Кышында сызга отурбайбызбы?
Белгилер:
суу сактагычы, Талас, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ