18:43 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)
101710

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы үгүт маалында көчөлөргө илинген баннерлердин тагдырына кызыгып көрдү

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстандагы социалдык тармактын колдонуучулары президенттикке талапкерлерден үгүт иштеринде колдонгон баннерлерин чарбалык иштерине пайдаланууну сурап жатышат.

"Шайлоо бүткөндөн кийин баннериңерди балким, мага берерсиңер?.. Айылга алып барып чөптүн үстүн жабайын. Жок дегенде ошол жактан пайдасы тийсин", — деп жазган Бактияр Бердибеков.

Дагы бир колдоонучу муну менен сарайынын чатырындагы жылчыкчаларын бүтөй турганын айтат.

"Мен өзгөчө Бабановдан суранат элем. Чоң беннериңиздин бирөөсүн алсам болобу? Сарайыдын чатырынан суу тамчылап, эч нерсе менен тосо албай жатам. Дароо айтып коёюн бул жерде эч кандай саясат жок, жөн гана чарбалык кызыкчылык үчүн сарадым", — деп жазган Полад Сулейманов.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы учурда баннерлердин кийинки тагдыры эмне болорун билүү үчүн бардык талапкерлердин штабы менен байланышууга аракет көрүп жатат. Азырынча Темир Сариевдин маалымат катчысы Назира Ахмедовадан гана жооп алууга мүмкүнчүлүк болду.

"Ар бир райондун борборлоруна 3-5тен баннерлерибиз илинген. Мыйзам боюнча шайлоо бүткөндөн кийин 10 күндүн ичинде баарын алып бүтүшүбүз керек. Баннерди алууну каалагандар болсо партиянын штабына келип сураса болот", — деди Ахмедова.

Президенттик шайлоо жекшемби күнү, 15-октябрда, өткөн. Добуштарды кол менен саноонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Жээнбеков 54,79 пайыз добуш алган.

Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)

Тема боюнча

Шавкат Мирзиеёв Сооронбай Жээнбековду куттуктады
Казак ТИМи Жээнбеков коңшулар менен кандай мамиледе болорун божомолдоду
КТРК шайлоо учурунда дээрлик 47,5 миллион сом тапкан
Белгилер:
Кыргызстан, баннер, шайлоо, сарай, айыл

ЭҢ МААНИЛҮҮ