19:32 19 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
Бишкек шаары. Архив

Кыргызстанда учурда эмне болуп жатат. Тексттик трансляция

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
382 0 0

Арыбаңыз, замандаш! Шайлоо деп жүрүп апта ортолоп калган тура. Иш күн ийгиликтүү улансын!

Өлкө аймагында ушу тапта эмне болуп, эл башынан кандай окуяларды кечирип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан кабардар болуп туруңуз. 

Биздин бул рубриканын бутуна турушуна сиз жардам бере аласыз, окурман. Ал үчүн Telegram тиркемесиндеги биздин "Дежурный по Бишкеку" тобундагы сүрөт менен видеолорду  бөлүшүп турсаңыз болот. 

Андан сырткары, сиз күбө болгон окуяны WhatsApp же Telegram тиркемелериндеги +996 706 566 544 номерине салсаңыз болот.

 

Жаңы билдирүү
  • 18:38
    Киров суу сактагычы. Архивдик сүрөт

    Казак өкмөтү Киров суу сактагычындагы суунун коё берилиши боюнча үн катты

    Кыргызстан суунун коё берилиши тууралуу Казакстанга күн мурунтан кабар бергенин айткан
    Дагы
  • 18:37

    Киров суу сактагычындагы суунун 3,5%ы гана кое берилет

    Талас облусундагы Киров суу сактагычынан 19-октябрь күнү 20 миллион куб метр суу кое берилет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу чарба департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев билдирди.

    Суу сактагычтын жалпы көлөмү 550 миллион куб метр, ал эми 20 миллион куб жалпы көлөмдүн 3,5 гана пайызын түзөт.

     

  • 14:42
    Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү

    Сапар Исаков бүгүн Астанага барат

    Эки мамлекеттин өкмөт башчылары телефон аркылуу баарлашкан
    Дагы
  • 14:30

    Нарында студенттер арасында поэзия кечеси өттү

    2017-жылдын 17-октябрында Нарын медициналык колледжинин студенттери тарабынан поэзия кечеси өткөрүлдү.

    Алгач адам эркиндиктерине чек коюлган терс көрүнүштөр боюнча видеоролик көрсөтүлүп, андан соң окуу жайдын  студенттеринин калемине таандык коомдогу болуп жаткан көрүнүштөргө көз карашы, ой-тилектери камтылган ырларын Элзат Шаршенакунова, Мээрим Тынымсеитова, Жайна Турганова, Марлис кызы Айымжан, Муктарбек кызы Гүлназ көркөм окуп беришти. Поэзия кечеси медициналык колледждин студенттери тарабынан даярдалган концерттик номерлер менен коштолду. 

    Иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы катышып, облустун аймагында адам сатууга каршы күрөшүү жана адам эркиндиктери боюнча маалымат берди. Калктын  маалымдуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлүп жаткан акцияга орто мектептердин жогорку класстарынын окуучулары жана орто, жогорку окуу жайлардын студенттери активдүү катышып жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. 


    Вечер поэзии в медицинском коледже Нарынской области
    © Фото / пресс-служба полпредства ПКР в Нарынской области
    Вечер поэзии в медицинском коледже Нарынской области
    © Фото / пресс-служба полпредства ПКР в Нарынской области
    Вечер поэзии в медицинском коледже Нарынской области
    © Фото / пресс-служба полпредства ПКР в Нарынской области
  • 12:21

    Бүгүн Сокулуктун айрым жеринде газ болбойт

    Сокулук айылынын Токтогул көчөсүндөгү №1-237, Совет көчөсүндөгү №140-142 үйлөрүнө жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

    Газ куурларын оңдоо жана калыбына келтирүү иштери элди үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.


  • 12:19
    Угольная шахта в Сулюкте

    Сүлүктү мэриясы шахталардагы адам өлүмдөрү боюнча коңгуроо какты

    Лицензия туура эмес берилип, жыл башынан бери Сүлүктүдөгү шахталардан тогуз адам каза болду деп билдиришти
    Дагы
  • 11:34

    Бишкектеги Фучик паркын оңдоо уланып жатат

    Учурда борбор калаадагы Юлиус Фучик атындагы паркында жөө адамдар өтчү жол, кошумча чуркоо жана веложолдор курулууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мээриясынан билдиришти.

    Реконструкция иштерине байланыштуу 800 чарчы метр жерге төшөлгөн эски асфальт алып салынат.

    Билдирмеге карганда, бак-дарактарды үзгүлтүксүз сугаруу максатында узундугу 3448 метр болгон эски лотоктор алып салынып, ордуна жаңысы коюлат. Ошондой эле 333 метрлик түтүктөр алмаштырылат. Мындан сырткары, паркка жарык берүүчү 87 чырак, 11 жерге Wi-Fi модулдары жана 22 видеобайкоо орнотуу пландалган.

    В парке имени Фучика полным ходом идет реконструкция и строительство новых пешеходных дорожек, тротуаров с размещением дополнительных беговых и велосипедных дорожек
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
    В парке имени Фучика полным ходом идет реконструкция и строительство новых пешеходных дорожек, тротуаров с размещением дополнительных беговых и велосипедных дорожек
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
    В парке имени Фучика полным ходом идет реконструкция и строительство новых пешеходных дорожек, тротуаров с размещением дополнительных беговых и велосипедных дорожек
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • 09:55
    Мумия. Архив

    Мумия эмнеси менен баалуу эле? Нааразы археологдор, "боору ооруган" министр

    Мумияны көмүүнү чечкен комиссиянын курамына ИИМдин, УКМКнын, Улуттук илимдер академиясынын, Маданият министрлигинин, Тарых музейинин кызматкерлери жана археологдор кирген.
    Дагы
  • 09:54

    Балдар үчүн "Акылтай" журналы жарык көрдү

    Кыргызстанда "Акылтай" деп аталган балдар журналы чыкканын анын башкы редактору Айша Курбанова билдирди.

    "Балдар журналы кыргыз жана орус тилдеринде ай сайын чыгат. Ал кенже класстардын окуучуларына ылайыкталган. Ичинде ыр-жомоктордон сырткары, кичинекейлерди тапкычтыкка тарбиялаган ар кандай оюндар, баш катырмалар, сканворддор бар", — деди ал.

    Курбанова журналда Кыргызстандын керемет жерлери жөнүндө сүрөт коштогон маалыматтар жайгаштырылгандыгын, аны ар бир санда айтып бере тургандыктарын кошумчалады.

    Кыргызстанда бул журналдан сырткары кенже балдар үчүн "Байчечекей", "Баластан" журналдары чыгат.

    Детский журнал Акылтай
    © Sputnik / Азамат Тотубаев
  • 09:34
    Кол чатырчан кыз. Архив

    Шаршембиге карата аба ырайы

    Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге жетет
    Дагы
Белгилер:
жаңылыктар, Бишкек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ