Бишкектик окуучулар Россиянын ЖОЖдору менен илимий долбоор түзүп жатат

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүКемеровский государственный университет в Кемерово.
Кемеровский государственный университет в Кемерово. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучулар эртең мененки тамактын пайдалуулугун сактаган таңгактарды жасады

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Бишкектик окуучулар Россиянын алдыңкы университеттери менен биргеликте илимий долбоорлордун үстүндө иштеп жатышат. Бул тууралуу "Единство" коомдук фондусунун маалымат кызматынан кабарлашты.

Планшет кармаган окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окуучулар эми 2000ден ашык китепти акысыз көчүрө алышат
№65 жана №11 мектептердин окуучулары Кемерово мамлекеттик университети менен кызматташууда.

Фонддун өкүлү Анна Позднякованын айтымында, аталган долбоор 2016-жылдан бери иш алып барып келет. Окуучулар теорияны Кыргызстандан окуп, практикалык иштерди Кемерово университетинде аткарышат.

Бул үчүн жогорку технологиялык жабдыктар электрондук микроскоптор, топуракты анализдөөчү спектрометр, ионометр жана башкаларды колдонууга мүмкүнчүлүк бар

Окуучулар малдын жеми үчүн биокошулмалар менен эртең мененки тамактын пайдалуулугун сактаган таңгактарды жасап чыгышты.

"Менин билишимче республикада буга чейин мындай нерселер иштелип чыккан эмес. Окуучулардын тобу түзүлүп, ар бир топко Кемерово университетинин мугалимдери бекитилген", — деди Позднякова.

2018-жылдын апрель айында окуучулар аткарган иштерин калыстар тобунун кароосуна жөнөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0