Милиция: Таласта митингге чыккандардын саны 600гө чукулдады

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуСитуация в Таласе после выборов президента КР
Ситуация в Таласе после выборов президента КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кырдаал туруктуу жана милиция тарабынан көзөмөлгө алынган. Башаламандык уюштуруу фактысы катталган жок.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Таласта митинге чыккан тарапташтарынын саны 600гө чукулдады. Бул тууралуу Талас облустук Ички иштер башкармалыгынан Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Маалыматка ылайык, митингчилер колдоруна Кыргызстандын желегин кармап таза шайлоо өтүшүн талап кылышты. Учурда кырдаал туруктуу жана милиция тарабынан көзөмөлгө алынган. Башаламандык уюштуруу фактысы катталган жок.

"Милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп жатат. Ошондой эле атайын даярдыктагы полк дагы турат", — деп айтылат маалыматта.

ОИИБдин жетекчилиги жана өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү нааразы болгон элге чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Президенттикке талапкерлигин койгон Өмүрбек Бабановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Бабанов: провокацияга алдырбагыла
Ал арада Өмүрбек Бабановдун жана анын шайлоо штабынын Таластагы митингге эч кандай тиешеси жок экенин айтышууда.

Белгилей кетсек, Талас облусу Өмүрбек Бабановдун кичи мекени. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Бабанов Таластагы шайлоочулардын 85 пайыз добушун алган. Ал эми өлкө боюнча 33,74 пайыз добушка ээ болгон. Алдыга чыккан Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын дээрлик 55 пайыз добушуна ээ болду.

Таласта учурда абал кандай экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуп таанышсаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0