Атамбаев: айрым талапкерлердин акча таратуусуна күч түзүмдөрү жол берген жок

Жазылуу
Кыргызстанда 15-октябрь күнү президенттик шайлоо өттү

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев эл аралык байкоочулар миссиялардын өкүлдөрү менен жолукту.

Атамбаев өз сөзүндө Кыргызстанда таза, ачык-айкын шайлоо өткөрүү башкы максат болгонун, ал тилек ишке ашканын баса белгиледи.

"Биз мындан ары да ачык-айкын шайлоо өткөрүп, аны өнүктүрүүгө аракет кылабыз. Ал үчүн сиздердин кандай гана сын-пикирлериңер болбосун биз үчүн маанилүү", — деди ал.

Атамбаев үч жолу президенттикке талапкер болгонун жана буга чейин шайлоо өнөктүгү кантип өтүп келгенин жакшы билерин айтты.

Андан сырткары, өлкөнүн күч түзүмдөрү айрым талапкерлердин акча таратуусуна шарт бербей алардын алдын алганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0