Бир добуш 13 сомго бааланганда. Сарамжалдуу талапкерлердин рейтинги

Жазылуу
9-октябрга карата 11 талапкердин баары биригип шайлоого 5,3 миллион доллар коротушту. Ар бир добуш 218 сомдон айланды.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Алган добушу арзан айланган талапкерлердин рейтингин Sputnik Кыргызстан агенттиги Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматынын негизинде түздү. Корогон акчанын суммасы 9-октябрдагы көрсөткүчтөн алынган.

1-орун — Адахан Мадумаров. Бул талапкерге бир добуш 13 сомго бааланды. Үгүт иштерине 1,4 миллион сом сарптап, 108 миң шайлоочунун добушуна ээ болду.

Итоги президентских выборов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Талапкерлер кичи мекенинен канча добуш алды
2-орун — Сооронбай Жээнбеков. Аты-жөнү көрсөтүлгөн бюллетендин ар бири 107 сомго бааланды. Жээнбековго 917 миң адам добуш берген.

3-орун — Өмүрбек Бабанов. Бир добуш 349 сомго айланды. Талапкер үгүткө 197 миллион сом короткон. Бул рекорддук көрсөткүч болуп саналат.

4-орун — Улукбек Кочкоров. Бир добушка талапкер 414 сом короткон. Жалпы 3,5 миллион сом коротуп 8 миң шайлоочунун сүймөнчүгүнө айланды.

5-орун — Таалатбек Масадыков. Жарышта 5-орунду алган талапкерге бир добуш 445 сомго айланды. Жалпысынан 4,7 миллион сом короткон.

6-орун — Азимбек Бекназаров. Бир добуш 875 сомго айланды. Талапкерге үч миңге жетпеген шайлоочу добуш берген.

7-орун — Темир Сариев. Ар бир бюллетень 920 сомдон айланды. Ал эми үгүт иштерине талапкер 39,5 миллион сом коротуп, жарышта 4-орунду камсыздады.

8-орун — Арстанбек Абдылдаев ар бир добуш үчүн 1155 сом сарптады. Шайлоо кампаниясы талапкердин чөнтөгүн 2,3 миллион сомго жукартты.

9-орун — Токтайым Үмөталиева. Бул талапкер үчүн 1,4 миң киши добуш берип, анын ар бири 1491 сомго айланды.

Кандидат в президенты от оппозиции Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Бабанов: мен эч качан бийликти басып албайм
10-орун — Эрнис Зарлыков. 1,5 миң кишинин ар биринин добушу үчүн Зарлыков 1500 сом короткон.

11-орун — Арсланбек Малиев. Бир добушка 4961 сом сарптаган талапкер рекорд койду!

Талапкерлердин шайлоо кампаниясына кетирген каражаты Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамелкеттик агенттиктин 10 айлык бюджетин түзөт.

Бул акчага кыргызстандык окуучуларды 11 ай бою тамактандырса болмок.

Ооруканаларды 7 жыл бою азык-түлүк менен камсыздоого жетмек.

362 миллион сом Азиздер жана дүлөйлөр коомунун 225 жыл бою тынбай иштешин камсыздамак.

Жаңылыктар түрмөгү
0