ШКУ байкоочулары: Кыргызстандагы шайлоо өлкө мыйзамына ылайык өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан шайлоочулар
Добуш берип жаткан шайлоочулар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо болду

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн презденттик шайлоо өлкө мыйзамдарына жана эл аралык стандарттын эрежелери менен өттү. Бул тууралуу ШКУнун байоочу миссиясынын башчысы жана ШКУнун башкы катчысы Рашид Алимов атайын маалымат жыйында билдирди.

Ал өз сөзүндө өлкө бийлиги адилеттүү атаандаштык болушу үчүн бардык шарттарды түзгөнүн баса белгиледи.

"Кыргызстандын бийлигинин чет элдик байкоочуларды чакырышы өлкөнүн демократияга болгон жолунан кабар берет. Шайлоо ачык-айкын, таза өттү. Шайлоонүн жүрүшү жалпыга маалымдоо каражаттары маалында чагылдырылып турду. Биз БШКнын, аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү жана шайлоочулар менен жолуктук. Алар да шайлоо мыйзамдын алкагында өткөнүн айтышты", — деди ал.

Жээнбеков: Атамбаев экөөбүз бири-бирибизди куттуктадык. Маалымат жыйындан видео - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: Атамбаев экөөбүз бири-бирибизди куттуктадык. Маалымат жыйындан видео
Алимов ошондой эле шайлоо участкаларында иштегендердин профессионалдык даярдыктан өткөнүн кошумчалады.

ШКУ байкоочулары жалпысынан 189 шайлоо участкаларына барып көзөмөл салышкан. Анын ичинде Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында болгонун айтышты.

Ал ШКУнун байкоочу миссиясы Кыргызстандагы шайлоону ачык-айкын жана демократиялык жол менен өттү деп эсептей турганын билдирди.

Алимов, андан сырткары, шайлоо участкалары атайын салтанат менен ачылып, өлкө гимни менен ачылып, шайлоочуларды да толкундантканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0