Өмүрбек Бабанов шайлоо жыйынтыгын жубайы кандай кабыл алганын айтты

© REUTERS / Vladimir PirogovКандидат в президенты Омурбек Бабанов
Кандидат в президенты Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 15-октябрь күнү президенттик шайлоо болуп өттү

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Өмүрбек Бабанов шайлоо бүткөндөн кийин жубайы Рита Бабанова ага эмне деп айтканын журналисттер менен бөлүштү.

"Акыры шайлоо бүттү. Сен күчтүүсүң, келечегиң алдыда", — деп жубайым колдоо көрсөттү деди Бабанов.

Кандидат в президенты от оппозиции Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Бабанов: мен эч качан бийликти басып албайм
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча шайлоочулардын 54,75 пайыз добушуна ээ болгон Сооронбай Жээнбеков алдыда келе жатат. Ал эми Өмүрбек Бабанов 33,8 пайыз добуш алып, экинчи сапка чыкты.

Буга чейин Өмүрбек Бабановдун штабы шайлоонун жыйынтыгы анализден өтүп жатканын маалымдаган.

Шайлоонун улам жаңыланып турган жыйынтыгы менен Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган интерактивдүү инфографикадан тааныша аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0