Чаткалда үч ай мурда сууга аккан котормочунун сөөгү табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 4-июлда болуп, кен казуу фирмасынын котормочусу Чандалаш дарыясынын жээгинде иштеп жатып, сууга кулап кеткен.

БИШКЕК. 16-окт. — Sputnik. Чаткал районунда иш алып барып жаткан кен казуу ишканасынын котормочусунун сууга агып кеткен сөөгү үч айдан кийин табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кырсык 2017-жылдын 4-июль күнү болгон. Кен казуу фирмасынын 35 жаштагы котормочусу Чандалаш дарыясынын жээгинде иштеп жатып сууга кулап кеткен.

"Эртеси таңда келген 13 куткаруучу аны эки күн издеп таппай, ишти токтотушкан. Бир айдан кийин суунун агымы тайыздаганда улантылган издөө иштери натыйжа берген эмес. Анткен менен ӨКМдин суранычынын негизинде Беш-Арал мамлекеттик коругунун кызматкерлери жана Чаткал чек ара заставасынын күзөттө турган кызматкерлери издөө иштерин уланткан", — деп айтылат маалыматта.

Мындан төрт күн мурда Беш-Арал коругундагы суунун жээгинен адамдын сөөгүн, андан алыс эмес жерде көк түстөгү жинсы шымы табылган.

Маркумдун кийимин кесиптештери тааныгандан кийин котормочунун сөөгү жакындарына өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0