Окуучулар эми 2000ден ашык китепти акысыз көчүрө алышат

© AFP / DAMIEN MEYERПланшет кармаган окуучу. Архив
Планшет кармаган окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Китептерди ата-энелер менен окуучулар акысыз көчүрүп окуй алышат

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин электрондук китепканасына эки миңден ашык китеп киргизилди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, окуучулар менен окурмандарга сунушталган адабияттардын арасында 600дөн ашык диссертациялык материал, 828 сейрек кездешкен китептин санариптелген үлгүсү жана мектеп программасына кирген 634 окуу китеп бар.

Аны ата-энелер менен окуучулар эми акысыз көчүрүп окуй алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0