Шайлдабекова: шайлоонун акыркы жыйынтыгын 20 күнгө жеткирбей чыгарабыз

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOИтоги президентских выборов в Кыргызстане
Итоги президентских выборов в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саат 22.00гө карата шайлоо участкаларынын 97 пайызынан маалыматтар келип түштү

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Алдыдагы 20 күндүн аралыгында президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыга турганын БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, саат 22.00гө карата шайлоо участкаларынын 97 пайызынан маалыматтар келип түшкөн, мында шайлоочулардын 56 пайызы добуш берген.

"Акыркы маалыматтар кол менен саналган протоколдордун негизинде чыгат. Аймактык шайлоо участкаларында маалыматтар текшерилгенден кийин БШКга жөнөтүлөт. Акыркы жыйынтыкты чыгарууга 20 күн берилет, бирок буга чейинки тажрыйбага таянып андан эрте чыгарарыбызга ишенем", — деди Шайлдабекова.

Жалпы жонунан президенттик шайлоодо 1 миллион 692 миң 423 киши добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 55,93 пайызын түзөт.

Электрондук урналардан жаңыланып турган маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын интерактивдүү инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0