ИИМ: шайлоо учурунда жалпысынан 28 мыйзам бузуу катталды

© Sputnik / Табылды КадырбековХод выборов президента Кыргызстана в Бишкеке
Ход выборов президента Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Шайлоого байланыштуу ички иштер органдарына жалпысынан 28 иш келип түшкөнүн ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев шайлоо боюнча республикалык штабдын атайын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, добуштарды сатып алуу боюнча 13, денеге залал келтирүү жаатында 4, бюллетендерди сыртка алып чыгуу тууралуу 1, бюллетенди айрууга аракет кылуу боюнча 1 факты катталган.

Президентские выборы в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Элдик кошуундар ар кандай кырдаалга даяр турат
Орозалиев ошондой эле саат 20:00гө алынган маалымат боюнча республиканын аймагындагы коомдук-саясий абал туруктуу экенин айтты.

Улуттук энергохолдинг компаниясынын директору Айбек Калиев болсо шайлоо учурунда жалпысынан 10 жолу өчүрүү болгонун айтып, алардын бирөө атайылап жасалганын билдирди. Бул факты боюнча тийиштүү органдарга арыз менен кайрылуу болгонун кошумчалады.

Ал ошондой эле бир участокто жумушчунун шалаакылыганын электр энергиясы өчкөнүн билдирди. Андан башка бардык шайлоо участкаларында электр энергиясы өчүрүлгөн эмес.

Бул күнү 4,5 миңден ашык энергетиктер күчөтүлгөн режимде иштешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0