Милиция шайлоонун алгачкы жыйынтыгынан кийинки Бишкектеги абал боюнча айтып берди

Жазылуу
Борбор калаадагы коомдук тартипти милициянын миң кызматкери жана беш миң элдик кошуунчу күзөтүп турат

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгы жарыялангандан кийин Бишекекте абал тынч. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине шаардык милициядан билдиришти.

БШКнын маалыматына караганда, саат 20:00гө карата шайлоочулардын 52,77 пайызы экс-премьер министр Сооронбай Жээнбековго добуш берген.

"Президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгы жарыялангандан кийин Бишекекте абал тынч. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат", — деп билдиришти милициядан.

Борбор калаадагы коомдук тартипти милициянын миң кызматкери жана беш миң элдик кошуунчу күзөтүп турат.

Электрондук урналардан жаңыланып турган маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын интерактивдүү инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0