Бюллетенди сүрөткө тартып, жайылткандар кандай жазаланат? БШК түшүндүрмө берди

Жазылуу
Бюллетенди сүрөткө тартып жайылткан адам административдик, ал тургай кылмыш жазасына чейин тартылышы мүмкүн.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Шайлоо учурунда бюллетендерди сүрөткө тартып, коомчулукка жайылткан адамдар мыйзам чегинде жазаланат. Бул тууралуу БШКнын юридикалык бөлүмүнүн адистери билдирди.

Шайлоо участогу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара-Кулжада бюллетенди сыртка алып чыгууга аракет кылган аял кармалды
Социалдык тармактарда айрым шайлоочулар добуш берген соң бюлеттендерин сүрөткө тартып интернетке жүктөшүүдө. Буга байланыштуу БШК мындай аракеттер мыйзамга туура келбей турганын айтып, жарандар административдик, ал тургай кылмыш жазасына тартылып калышы мүмкүн экендигин белгиледи.

"КР президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын 30-беренесинин 12-пунктунда "Басмакананын, шайлоо комиссияларынын орун жайларынан, ушул конституциялык мыйзамдын талаптарын бузуу менен, шайлоо бюллетендерин алып чыгууга, ошондой эле көчүрмөсүн алууга жана таратууга тыюу салынат" деп жазылган. Мындан улам мыйзам бузган шайлоочу 500-1000 сом, ал эми кызматтагы адамдар 2000-3000 сомго чейин администартивдик жазага тартылат", — деди юристтер.

Өлкө аймагында президенттик шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0