Шайлоо участкалары жайгашкан Бишкектин мектеп, бала бакчалары эртең иштебейт

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүВ Екатеринбурге школы закрыты на карантин из-за гриппа
В Екатеринбурге школы закрыты на карантин из-за гриппа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тазалоо иштерин түн ичинде кылууга мүмкүнчүлүгү бар мектептерде дүйшөмбү күнү окуу токтотулбайт

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бишкектеги шайлоо участкалары жайгашкан мектеп жана бала бакчалар дүйшөмбү күнү иштебей турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине шаар мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова билдирди.

Анын айтымында, шайлоо участкалары жайгашкан жерлерде санитардык тазалоо иштери жүргүзүлсүн деген талап Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан келген.

"Санитардык тазалоо иштери Бишкектен көпчүлүк мектептеринде жана 84 муниципалдык бала бакчанын 15инде өткөрүлөт. Ал эми ЖОЖдор боюнча мен эч нерсе айта албайм, алар Билим берүү министрлигине карайт", — деди Мейрманова.

Бирок тазалоо иштерин түн ичинде кылууга мүмкүнчүлүктөр бар мектептерде дүйшөмбү күнү окуу токтотулбайт. Алар №31, 2, 69 мектептер.

Жаңылыктар түрмөгү
0