БШК: төрт шайлоо участкасындагы автоматтык урна стационардыкка алмаштырылды

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOПодготовка к президентским выборам КР в селе Арашан
Подготовка к президентским выборам КР в селе Арашан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп жатат

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Өлкө аймагындагы төрт шайлоо участкасындагы автоматтык урна стационардык урналарга алмаштырылганын Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова атайын маалымат жыйын учурунда билдирди.

Ал ошондой эле бешинчи шайлоо участкасындагы автоматтык урнаны стационардыкка алмаштыруу каралып жатканын кошумчалады.

Шайлдабекова түзүлгөн кырдаал боюнча мындайча түшүндүрмө берди.

"Эки талапкер шайлоодон четтитилгендиктен бюллетенде жазылган аттары кол менен чийилген. Бирок алардын айрымдары туура эмес чийилгендиктен автоматтык урналар санаган эмес. Ошондуктан алар ачык урналарга алмаштырылды. Бул шайлоонун жыйынтыгына эч кандай терс таасирин тийгизбейт", — деди ал.

Учурда өлкө боюнча 2 375 шайлоо участкалары ачылды. Анын 234ү Бишкекте, 37си чет жакта жайгашкан.

Өлкө аймагында президенттик шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0