Бишкек менен Токмоктун айрым аймагында газ болбойт

Жазылуу
Көгүлтүр от газ куурларын оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкек менен Токмок шаарларынын айрым бөлүктөрүндө 17-20-октябрь күндөрү газ берүү үзгүлтүккө учурай турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, көгүлтүр от газ куурларын оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

  • 17-18-октябрь күндөрү Бишкектин Ленская, Лазо көчөлөрүндө, 18-октябрь күнү саат 8..00дөн 17.00гө чейин Токмоктун Амбулаторная көчөсүнө газ берилбейт.
  • 18-19-октябрь күндөрү Бишкекте Курманжан датка, Дайыр Асанов, Айтматов жана ЧЧК менен кесилишкен аймагында газ берүү үзгүлтүккө учурайт.
  • 19-20-октябрь күндөрү Бишкектин Араван, Ростов, Асанова көчөлөрү менен Жибек Жолу проспектисинде көгүлтүр от болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0