Памир кыргыздары тууралуу интернеттеги пикирлер. Өгөйлөбөйлү, эл кылып алалы

© Фото / Зульфия ТургуноваШесть семей этнических кыргызов приехали в Нарынскую область
Шесть семей этнических кыргызов приехали в Нарынскую область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Афганистандагы Памир тоолорун жердеген 33 этникалык кыргыз бүгүн кечинде саат 19.00дө Нарын шаарына келип түшөт. Алардын арасында чоң кишилер, балдар, аялдар, кош бойлуу бир келин бар. Учурда аларды бир топ журналисттер, вице-премьер Чолпон Султанбекова жана Нарын облусунун жетекчилиги баш болгон жергиликтүү бийлик чыдамсыздык менен тосуп турат.

Шесть семей этнических кыргызов приехали в Нарынскую область - Sputnik Кыргызстан
Памирлик кыргыздар Жалал-Абадга токтоп эс алышты. Сүрөттөр
Ал эми бул кабар кыргыз интернет айдыңында желдей тарап, кубанып, жарык маанай менен жылуу пикирлерин жазгандар арбын болду. Кан деген баары бир кан окшойт да.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги социалдык тармактагы пикирлерге абай салып көрдү.

Интернет колдонуучу Алмаз Турдумаматов маселенин башка жагын айтып, аларды боорубузга тартып, эл кылып алууга токтолгон.

"Афган кыргыздарынан алты үй-бүлө, 33 киши Нарынга көчүрүлүп келиптир…Жакшы кабар… эми өгөйлөбөй эл кылып алсак экен…", — дептир.

Султан Абдрахманов аттуу жараныбыз памирдик кыргыздарды Нарынга эмес, Чоң-Алайга жайгаштырса жакшы болмок экен деген пикирин төмөнкүчө билдирген.

"Бир туугандарыбызды абасы, үрп-адаты, салт-санаасы жагынан да жакын Чоң-Алайга жайгаштырса жакшы болмок экен. Ошондо коңшу айылга келгендей болуп эле алар чочуркамак эмес. Өкмөт жетекчилери азыр деле ойлонуп көрүшсө деген ой…", — деген ал. 

Ал эми Кубаныч Аманбеков бул кадамга пикирин төмөнкүчө билдирген.

"Ыраазымын", — деп жазып, алардын Кыргызстанга келген видеосун көргөндөн кийинки пикирин калтырган.

Кыргызстандык дагы бир кыз Жазика Туратбекова маанайына караганда кандаштардын Кыргызстанга келип сүйүнгөнү аны да кайдыгер калтырбаган.

"Памирлик кыргыздардын келгени мени абдан кубантты. Алардын сүйүнгөнүн көрүп, мен да сүйүндүм", — деген ал.

Кыргыз өкмөтү Памир кыргыздарынын ичинен 6 үй-бүлөдөн турган 33 кишини Афганистандан 12-октябрда Чоң-Алай аркылуу Кыргызстанга алып келди. Эки бүлө Кичи Памирден, төрт бүлө Улуу Памирден.

2017-жылдын эсеби боюнча Афганистанда 2100гө жакын этникалык кыргыз жашап жатат. Алар Улуу Памир жана Кичи Памирди жердешет. Кичи Памирдеги сегиз айылда 1200ге жакын, Улуу Памирдеги алты айылда 825 адам күн кечирип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0