Кыргызстан Казакстандын гуманитардык жардамынан баш тартты

Жазылуу
ӨКМ жардам алууга эч кандай муктаждык жок экенин белгиледи

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Казакстандан гуманитардык жардам алууга муктаждык жок болгондуктан андан баш тарттык. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Буга чейин ЖМКларда казак өкмөтү тарабынан Кыргызстанга гуманитардык жардам келгени тууралуу маалымат тарап кеткен.

"Кыргыз тарап казак бийлигине үстүбүздөгү жылдын май айында, башкача айтканда табигый кырсыктардын күчөп турган маалында кайрылган. Бирок чет элдик өнөктөштөрдүн жардамы менен кыргыз өкмөтү абалды өз алдынча жөнгө сала алды. Мындан улам көмөк алууга муктаждык жок", — деп айтылат ӨКМ тараткан билдирүүдө.

Муну менен бирге министрлик казак өкмөтүнө ыраазычылык билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0