Өкмөт: Кыргызстан президенттик шайлоого даяр

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан шайоочулар. Архив
Добуш берип жаткан шайоочулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык штабдын жыйынында өкмөт мүчөлөрү шайлоо процессине болгон даярдык тууралуу маалымат беришти.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстан президенттик шайлоо өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу биринчи вице-премьер жана шайлоого даярдык көрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов айтканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 13-октябрда республикалык штабдын кезектеги жыйыны өткөн.

Абдыгулов 15-октябрда өлкө боюнча 2 375 шайлоо участкалары иштей турганын, анын 234ү Бишкекте жайгашканын белгиледи. Анын айтымында, даярдык график боюнча жүрүүдө.

"Бардык аймактык шайлоо комиссиялары тийиштүү техника менен камсыздалды, электр энергиясы боюнча бир де жерде маселе жаралбашы керек. Мындан тышкары, шайлоого көз салуу үчүн ар кыл эл аралык уюмдардан, чет мамлекеттерден байкоочулар келе баштады, эл аралык 115  ЖМК аккредитациядан өттү", — деди биринчи вице-премьер.

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев шайлоо күнү 9384 милиция кызматкери коомдук тартипти жана коопсуздукту көзөмөлдөй турганын, дагы кошумча 180 кызматкер резервде экенин билдирди.

Шайлоо участогун даярдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайлоого бир күн калганда талапкер эмне кылбашы керек. "Жымжырттык күнүнүн" шарттары
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоевдин айтымында, шайлоо күнү техникалык колдоо көрсөтүүчү 500 адис иштейт, ал эми шайлоо участкаларындагы ишке кошумча 200 кызматкер тартылат. Муну менен бирге жеринде талаш маселелерди чече турган ыкчам аракетке келүүчү топ иш алып барат.

Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев бүгүнкү күндө Кыргызстандын чет жактагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө 37 шайлоо участкалары уюшулганына токтолду. Анын айтымында, убакыттын айырмачылыгынан улам жыйынтык бюллетендер чет жактан Кыргызстанга 16-18-октябрь күндөрү келет.

Муну менен бирге аймактардын шайлоого даяр экени тууралуу Кыргызстандын облустагы өкүлчүлүктөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери маалымат беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0