Митинг, пикеттерде жай жаран өзүн кантип алып жүрүшү керек. ИИМдин кеңештери

Жазылуу
Кандайдыр бир кооптуулукту туйсаңыз, эл чогулган жерден кылчактабай кетип калуу туура.

Босогодо президенттик шайлоо. Кыргызстандагы спортчуларга эл топтошкон жерлердеги чогулуштарга же митингдерге барып катышпагыла деген эскертүү берилди. Бул маалыматты Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча агенттик таратты.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан Ички иштер министрлигинен митинг, пикет учурунда жай жарандар эмне кылышы керек, коопсуздугун кантип сактоо зарылдыгы туурасында кеп-кеңештерди алып берди.

Ар кимдин өз каалоосу. Биринчиден, митингге же башка эл көп чогулган коомдук иш-чараларга атуулдар өз ыктыяры менен катышуусу керек.

Учения отряда специального назначения Омега и сводного отряда ГСИН - Sputnik Кыргызстан
Шайлоодон улам Жаза аткаруу кызматы күчөтүлгөн режимге өттү
Зарылдык болбосо, барбай эле койгон оң. Митинг же көчө жүрүштөргө жөн эле ашыкча кызыгып көрүү үчүн барбай эле койгон жакшы. Себеби, мындай иштер балким уруш-мушташ менен аяктап, кээде андан да жаман болушу мүмкүн. Жөн жерден жабыркап калгандын эмнеси жакшы.

Ашыкча көзгө чалдыгуунун кажети жок. Митингге келген топ адамдардын көз карашы, ой-пикири такыр башка болушу мүмкүн, ошондуктан алардын өзүңөргө ашыкча көңүл бурдуруунун кереги жок. Топтолгон эл деген толкун, кээде бирөө "айт" десе, калганы чын-бышыгына жетпей анын артынан ээрчип кетет.

Дубалга жакын турбаңыз. Жеке коопсуздук үчүн митингге чогулгандардын ортосунда, тосмо, кашаа, дубалдарга жакын турбаш керек, себеби, дүрбөлөң башталып кетип кысылыштан жабыркап калышыңыз мүмкүн. Андай учурда кимди ким көрдү болуп, тебелендиде калуу кооптуулугу жогору.

Зарыл болбосо телефонго, фотоаппаратка тартпай эле койгон оң. Чогулган агрессивдүү маанайдагы митингчилерден да кооптонуш керек. Ал эми кымбат баалуу камера же фотоаппаратыңызды элге көрсөтүп көтөрүп жүрсөңүз, ал да сизге кооптуулук жаратат. Чогулгандардын арасынан бир акылдуусу чыгып, сизди карай сөз айтышы мүмкүн. Дегеле, сиз көтөрүп жүргөн техника негативдүү реакция жаратпайт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда төңкөрүш пландалганбы? Интернетке активисттердин сүйлөшкөнү чыкты
Коркунучту сезсеңиз, ошол замат чыгып кетиңиз. Кандайдыр бир кооптуулукту туйсаңыз, митинг, пикет болуп жаткан жерден кылчактабай кетип калуу туура. Митингди уюштургандар жана катышуучулар тартип сактоону көп карашпайт деле.

Сактансаң сактайм деген сөз бар. Митинг учурларда шаардыктарга бүлүк салган бейбаштык жана мыйзамды бузган башка учурларга жол бербей, тартип бузгандарга чара колдонулуп турат. Анткени менен атуулдар жеке коопсуздук эрежелерин унутпай, кооптуу жагдайлардан оолак болууга аракет кылганы зарыл.

Милиция тартип сакчылыгында. Митингдер өткөн учурларда ички иштер органдарынын кызматкерлери ар дайым коопсуздукту сактоо үчүн иш-чараларын жүргүзүп турат. Өзгөчө басым — коомдук жайларда коомдук тартипти сактоого жасалат.

Материалды даярдоого ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев көмөк көрсөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0