Митингге катышкан спортчулардын тагдыры кандай болору айтылды

Жазылуу
Маалыматты Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги берди

БИШКЕК, 13-окт — Sputnik. Спортчуларга эл топтошкон жерлердеги чогулуштарга же митингдерге катышууга кескин тыюу салынат. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эгерде бул эскертүүгө тоготпостук менен мамиле кылгандар болсо алар эл аралык жана жергиликтүү мелдештерге катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылары айтылган. Андан сырткары, өлкөнүн курама командасынын курамынан чыгарылары да билдирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0