Президенттин оксуз калган жансакчысы, бычакталган бөбөк. 90-жылдардагы кылмыштар

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОк атып жаткан адам. Архив
Ок атып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында кылмыштуулук азыркыга салыштырмалуу башкача мүнөзгө ээ болгон. Буга көбүнесе элдин социалдык абалынын начарлашы себеп эле. Sputnik Кыргызстан өлкөдө 25 жыл илгери оозду ачырган жана маанайды көтөргөн окуяларды сунуштайт.
© Sputnik / Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жылдын октябрь айындагы саны
Заметка в газете от 1992 года - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жылдын октябрь айындагы саны

Балта көтөргөн пенсионер. Көпчүлүктү таң калтырган окуя Кызыл-Кыя шаарында болгон. Анда кайра-кайра келип пенсия ала албаган 60 жаштагы тургун жинденип почта бөлүмүнүн жетекчисин балталап салган. Аман калган почточу ооруканага жеткирилген.

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жылдын октябрь айындагы "Криминалдуу хроника" рубрикасы
Заметка в газете от 1992 года - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жылдын октябрь айындагы "Криминалдуу хроника" рубрикасы

ИИМдин алдынан тонолгон милиционер. Окуя эртең мененки саат сегиздерде катталган. 10-класстын окуучусу менен кесиптик лицейдин тарбиялануучусу милиционер аялды Ички иштер министрлигинин алдында тоноп кетишкен. Кийин шылуундар колго түшкөн. Андан сырткары, ИИМдин дагы бир кызматкери борбор калаада кызматтык күбөлүгү салынган намыянын жулдуруп ийген.

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкек" гезитине тонолгон жарандар, колго түшкөн уурулар жөнүндө маалыматтар байма-бай чыгып турган
Заметка в газете от 1992 года - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкек" гезитине тонолгон жарандар, колго түшкөн уурулар жөнүндө маалыматтар байма-бай чыгып турган

Сейфти акчасы менен көтөрө качкандар. Борбор калаадагы муниципалдык ишканалардын бири төрт уурунун курмандыгы болгон. Анда бет капчандар түнкү саат экиде кирип, кароолчуну жана анын аялынын байлап, 2 миллион 625 миң рубль салынган сейфти көтөрүп кеткен.

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкек" гезитинин 25 жыл мурунку чыккан саны
Заметка в газете от 1992 года - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкек" гезитинин 25 жыл мурунку чыккан саны

Элирген жоокерлер. Күлкүлүү жана таң калтырган окуя октябрь айынын ортосунда катталган. Улуттук Гвардиянын взводунун командири борбор калаадагы кампалардын биринин кароолчусуна мылтык такап, эки чака картошка талап кылган. Ошол эле түнү Мамлекеттик коргоо комитетинин старшинасы спортто колдонулган тапанча менен пенсионерду коркутуп автоунаасын айдап кеткен. Алардын мындай аракеттерин, албетте, аскердик прокуратура көз жаздымда калтырган эмес.

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкектин" 1992-жылдын октябрь айындагы "Криминалдуу хроника" рубрикасы
Заметка в газете от 1992 года - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкектин" 1992-жылдын октябрь айындагы "Криминалдуу хроника" рубрикасы

Оксуз калган жансакчы. "Сары-Челек" мейманканасында Россия президентинин жансакчысы рациясы жана тапанчасын огу менен кошо уурдатып ийген. Окуядан соң жергиликтүү укук коргоо органдары ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, 19 жаштагы жигитти колго түшүргөн.

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Дело №" гезитинин 1992-жылдын октябрь айындагы саны
Заметка в газете от 1992 года - Sputnik Кыргызстан
"Дело №" гезитинин 1992-жылдын октябрь айындагы саны

Өлүм жазасына тартылган милиционер. Ажырашабыз деген түгөйлөрдүн талашы автоунаа болгон. Ошол темирдин айынан милиция кызматкери өзүнүн аялын мыкаачылык менен өлтүрүп, аңдан соң кесиптешинин тапанчасы менен кайнагасын атып салган. Чуулгандуу окуя дүң болгон. Милиционер өлүм жазасына өкүм кылынган.

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жылдын октябрь айындагы саны
Заметка в газете от 1992 года - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жылдын октябрь айындагы саны

Бычакталган бөбөк. Үй-бүлөлүк чырдын кесепетинен 25 жаштагы жаран өз үйүндө алгач аялын, андан соң эринбей барып кайнатасын балталап өлтүргөн. Анысы аз келгенсип чоң атасынын койнунда жаткан он жаштагы баланы дагы бычактап ийген. Кылмыш болгон жерден качып кеткен зөөкүр издөөгө алынган.

Маалыматтар 1992-жылы Кыргызстанда чыккан гезиттерден алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0