01:07 24 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Базар-Коргондогу дарыянын көпүрөсү жараксыз абалда болгондуктан окуучулар сууну кечип өтүүгө аргасыз

Базар-Коргон: көпүрөнүн жараксыздыгынан окуучулар сууну кечип өтүүгө аргасыз

© Sputnik / Зульфия Тургунова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
7810

Жаз айларында Кызыл-Үңкүр дарыясындагы көпүрө суунун деңгээли жогору болгондуктан жараксыз абалга келген

ЖАЛАЛ-АБАД, 13-окт. — Sputnik. Базар-Коргондогу дарыянын көпүрөсү жараксыз абалда болгондуктан окуучулар сууну кечип өтүүгө аргасыз. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочулар Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

  • Базар-Коргондогу дарыянын көпүрөсү жараксыз абалда болгондуктан окуучулар сууну кечип өтүүгө аргасыз
    Базар-Коргондогу дарыянын көпүрөсү жараксыз абалда болгондуктан окуучулар сууну кечип өтүүгө аргасыз
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Жаз мезгилинде жаан-чачын көп болгондуктан дарыядагы суунун көлөмү көтөрүлүп, Базар-Коргон районунун борборун аралап өткөн Кара-Үңкүр сайынын бир көпүрөсү жарактан чыгып калган
    Жаз мезгилинде жаан-чачын көп болгондуктан дарыядагы суунун көлөмү көтөрүлүп, Базар-Коргон районунун борборун аралап өткөн Кара-Үңкүр сайынын бир көпүрөсү жарактан чыгып калган
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Базар-Коргон районунун тургуну Исламбек Балтабай уулу билдиргендей, ата-энелер окуучуларды ат менен жээкке алып өтүп жатышат.
    Базар-Коргон районунун тургуну Исламбек Балтабай уулу билдиргендей, ата-энелер окуучуларды ат менен жээкке алып өтүп жатышат.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 3
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Базар-Коргондогу дарыянын көпүрөсү жараксыз абалда болгондуктан окуучулар сууну кечип өтүүгө аргасыз

Белгилей кетсек, жаз мезгилинде жаан-чачын көп болгондуктан дарыядагы суунун көлөмү көтөрүлүп, Базар-Коргон районунун борборун аралап өткөн Кара-Үңкүр сайынын бир көпүрөсү жарактан чыгып калган.

Базар-Коргон районунун тургуну Исламбек Балтабай уулу билдиргендей, ата-энелер окуучуларды ат менен жээкке алып өтүп жатышат.

"Күзүндө суунун көлөмү көбөйүп жаткандыктан айрым күндөрү аттар белчесинен сууга батып калууда. Сабак бүткөн соң окуучуларды кайра алып келип жатабыз", — деди Исламбек Балтабай уулу.

Борбор калаада 12-кичирайондогу Токомбаев көчөсүндө Аламүдүн суусу аркылуу өткөн ири көпүрө ишке берилди
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Базар-Коргон райондук администрация жетекчилиги жаңы көпүрөнүн курулуш иштерин ушул жылдын август айында бүткөрүү пландалганын билдирди. Райондук администрациянын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Токторбай Абдыкаров курулуш иштери белгисиз себептерден улам токтотулганын айткан.

"Эми ушул жылдын ноябрына чейин бүткөрүү планы тапшырылды. Учурда тез иштей турган техникалар алып келинген. Бирок акыркы мезгилдеги жаан-чачындын көп болушу курулуш иштерин кечеңдетип жатат. Анткени көпүрө цементтен тургузулгандыктан, күндүн ысышы маанилүү", — деди Абдыкаров.

Көпүрөнүн курулуш иштерине республикалык бюджеттен 33 миллион сом жумшалат.

Тема боюнча

Баткенде көмүр ташып бараткан унааны көпүрө көтөрө албай түшүп кетти
Ош: Ак-Буура аркылуу өткөн жаңы көпүрө курулду
Белгилер:
окуучулар, Суу, дарыя, Базар-Коргон
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ