Тарых музейиндеги мумия акыры жерге берилет

Жазылуу
Мумия көмүлгөнү менен кийин окумуштуулар иликтөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Мамлекеттик тарых музейинде сакталган мумияны жерге берүү чечими чыкканын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 12-октябрь күнү ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны болуп өткөн.

"Мумия тарых музейде 60 жылдан бери турат. Бирок бул убакыт аралыгында бир дагы жолу илимий изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Буга изилдөөчү жабдыктар менен антропологдордун жоктугу себеп болду. Мындан улам мумияны жерге берүү маселеси көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Мумия көмүлгөнү менен кийин окумуштуулар иликтөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0