00:59 24 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Жалал-Абаддын Сузак районундагы айрым мектептерде жаңгак теримге байланыштуу окуучулардын билим алуусу үзгүлтүккө учурады

Сузакта айрым мектептин окуучулары жаңгак терип кетип, сабак үзгүлтүккө учуроодо

© Фото / Зульфия Тургунова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
95 0 0

Кара-Алма айылынын жашоочулары жаңгак терүүгө кеткендиктен №44 орто мектепте 400гө жакын окуучунун ичинен 5-6 гана бала сабакка келип жатат

ЖАЛАЛ-АБАД, 12-окт. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районундагы айрым мектептерде жаңгак теримге байланыштуу окуучулардын билим алуусу үзгүлтүккө учурады. Бул маалыматты Төлөгөн Кубатбеков атындагы №44 орто мектептин директордун окуу иштери боюнча орун басары Бактыкан Матмусаева тастыктады.

  • Ученики не приходят на уроки в Сузаке
    Жалал-Абаддын Сузак районундагы айрым мектептерде жаңгак теримге байланыштуу окуучулардын билим алуусу үзгүлтүккө учурады.
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Ученики не приходят на уроки в Сузаке
    Окуучулар сабакка толук келбей жатышат.
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Ученики не приходят на уроки в Сузаке
    Аз болсо да, канча окуучу келсе да сабактар өтүлүүдө.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 3
© Фото / Зульфия Тургунова
Жалал-Абаддын Сузак районундагы айрым мектептерде жаңгак теримге байланыштуу окуучулардын билим алуусу үзгүлтүккө учурады.

Анын айтымында, окуучулар сабакка толук келбей жатышат.

"Аз болсо да, канча окуучу келсе да сабактар өтүлүүдө. Ижарага токой алган үй-бүлөлөр балдарын "каникул учурунда окутуп жетиштирип аласыңар" деп жетекчиликтен сурашкан. Бул боюнча атайын кайрылуулар да тиешелүү мекемелерге жолдонгон", — деди Матмусаева.

Жогорку класстын окуучулары мындай абал жаңгак терим учурунда кеч күзгө чейин уланарын билдиришти.

Сузак районунун Кара-Алма айылынын тургуну Гүлбакира Байтикованын айтымында, кар жааган учурда балдар мектепке толук барып калышат. Калган мезгилде айылдагы окуучулардын дээрлик көпчүлүгү ата-энелери менен жаңгак токойго кетишет.

"Окуучуларды сабактан калтырбоо керектигин айтып, түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бирок ага карабай ата-энелер балдарын өздөрү менен токойго алып кетүүгө аргасыз болууда", — деди Байтикова.

Сузак райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Алмаз Бечелов менен байланышканыбызда жаңгак токою жайгашкан аймактагы мындай жагдайдан кабары жок экендигин билдик. Ал абалды иликтеп көрүүгө убада берди.

Сузак району боюнча жалпы 108 орто мектеп бар.

Тема боюнча

Кыргызстандын эң татына мугалими: курсташтарымдын көбү кесибин таштап койгон
Мэрия: Бишкектеги мектептерди оңдоого 267 млн. сом сарпталат
Белгилер:
жаңгак, окуучу, Сузак району
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ