Атамбаев: бир да талапкер четтетилбейт, эл татыктуусун өзү тандап алат

Жазылуу
Өлкө башчы Ош шаарындагы Футбол академиясынын ачылышына катышты

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Ошто Футбол академиясынын ачылышында сүйлөп жатып, өзүнүн администрация кызматкерлерине президенттикке талапкерлер тууралуу БШК мүчөлөрү менен сүйлөшүүгө тапшырма бергенин билдирди.

Атамбаевдин айтымында, эл татыктуу мамлекет башчысын өзү тандап алышы керек.

"Мен администрация кызматкерине Борбордук шайлоо коммиссиясынын мүчөлөрү менен сүйлөшүүнү тапшырдым. Эч кимди президенттик шайлоодон четтетилбеши керек. Татыктуу башчыны эл өзү тандап алат", — деди Атамбаев.

Ошондой эле ал тынчтыкты сактоого чакырып, Кыргызстанда экономикалык секирик болоруна ишенерин кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын атын өзгөртүү, ЖКны таратуу... Талапкерлердин программасындагы кызыктар
"Биз өткөндөн сабак алдык, мындан ары элдин ортосуна от жаккандарды кылмыш жоопкерчилигине тартабыз. Бир нече жыл мурун мындай нерсени жасоого мүмкүнчүлүк болгон эмес. Эң башкысы тынчтыкты жана ынтымакты сактоо керек", — деди өлкө башчы.

Өлкөдө 15-октябрда президенттик шайлоо өтөт.

Президенттик шайлоодо добуш берүү процедурасы менен Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан таанышыңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0