01:06 24 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү

I wait Pele! Атамбаев бразилиялык машыктыруучуларга кайрылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
46110

Өлкө башчы көрүндүк иретинде 500 миң сом берди

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бейшемби күнү Оштогу футбол академиясынын ачылышына катышты.

Президент 80 бала жашап, билим алууга ылайыкталган жаңы академиянын ачылышы менен куттуктап, эки бразилиялык машыктыруучу эмгектенип жатканына абдан кубанычта экенин билдирди.

"Мен аларга Кыргызстандан жаңы Пелени күтүп жатканымды айттым. Алар мага сөз беришти. I wait Pele", — деди Атамбаев.

Ал ошондой эле Оштун тургундарын ынтымакка чакырып, саясатчылардын провокациясына алдырбоону өтүндү.

Президент көрүндүк катары Футбол федерациясынын башчысы Семетей Султановго 500 миң сом тапшырды.

Долбоор FIFA менен Кыргызстандын Футбол федерациясы тарабынан ишке ашкан. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев катышып жатат.

Академиянын курулушу 2012-жылы башталган. Буга FIFA бир миллион сом жумшаган. Академияда түштүк аймактагы облустардан келген 80 бала жашай алат. Анда төрт мини жана эки чоң футбол талаасы бар. Балдарды Россия, Бразилия жана Кыргызстандын машыктыруучулары тарбияламакчы.

Тема боюнча

Кыргызстандын Неймары, барсыңбы? Бразилиялыктар жаш таланттарды издейт
Белгилер:
Спорт, Футбол, Алмазбек Атамбаев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ