БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. КРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү актер Темирлан Сманбеков Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын директору болду. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Буга чейин театрды Болот Андабеков жетектеп келген.
Нарын театры 1937-жылы Нарын шаарында район аралык колхоз-совхоз театры болуп ачылып, 1977-жылы СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловдун ысымы берилген. Ал эми 2008-жылы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры статусу берилген.
Сманбеков буга чейин Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрын, андан соң Муса Жангазиев атындагы республикалык куурчак театрын жетектеп келген.