01:01 24 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Акжол өткөрүү пунктундагы кезек

"Ак-Жол" көзөмөл пунктунан элди өткөрүү кайрадан жайлап калды

© Sputnik / Актан Темирканов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абал (51)
136 0 0

Кечээ кечинде казак тарап чек арадан өткөрүү процессин ылдамдатып, бир жарым сааттын ичинде кезек күткөндөрдүн бардыгы өткөн

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. 11-октябрда кечинде саат 23:00дөн тарта казак тарап чек арадагы көзөмөл өткөрүү пунктунан жарандарды коё берүүнү тездетип, бир жарым сааттын ичинде кезек күтүп тургандар толугу менен өткөн. Бирок бүгүн, 12-октябрда, саат 8:00дөн тарта казак тарап өткөрүү пунктундагы элди өткөрүүнү кайра жайлаткандыктан "Ак-Жол" бекетинде эл чогулуп калганын КР Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

"Учурда транспорт менен жүк ташуучу автоунаалардын саны азайган, ошол эле учурда казак тараптан өткөрүү кармалып жаткандыктан жүк ташуучу автоунаалар көбөйүшү мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Андыктан чек ара кызматы түзүлгөн кырдаалды эске алып чек арадан өтүүнү каалагандарды барбай турууга же башка убакытка пландоого чакырат.

Белгилей кетсек, 10-октябрда кечинде кыргыз-казак чек ара бекеттеринде кезек күткөндөрдүн саны өсүп, алар бир нече сааттап туруп жатышкандыктарын айта баштаган.

11-октябрда да абал өзгөргөн эмес. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети өлкөнүн бардык чек араларында атайын операция жүргөндүктөн жогорудагыдай кырдаал түзүлгөнүн кечинде гана маалымдады. 

Премьер-министр Сапар Исаков Сочи шаарында өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп, кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу айткан. Сүйлөшүүдөн кийин Назарбаев казак өкмөтүнө чек арада түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча тапшырма берген.

Кыргыз-казак чек арасында учурда абал кандай экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик тарнсляциясынан таанышып туруңуздар>>

Тема:
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абал (51)

Тема боюнча

Кыргыздардын абалы боюнча Астанадагы диаспоранын өкүлү айтып берди
Казакстанга баруу үчүн чек арада кезекте тургандар. Видео
Белгилер:
кыргыз-казак чек арасы, чек ара, Мамлекеттик чек ара кызматы, Казакстан, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ