00:58 24 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү

Премьер кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча тапшырма берди

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абал (51)
475720

Кыргыз-казак чек арасында бир топ фура кезек күтүп токтоп турат

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункттарында турган жарандарды чатыр жана ысык тамак менен камсыздоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Исаков түзүлгөн кырдаалды жана боло турчу суукту эске алуу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине чек арадагы көзөмөл өткөрүү пункттарына автотранспорт жана эл чогулган жерге суу, биоажатканаларды коюуну буюрду.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги болсо күнү-түнү нөөмөттө туруу үчүн тез жардам бригадасын коюуга милдеттендирилди.

Андан сырткары, Экономика министрлигине тез арада бузулуучу азык-түлүк жүктөлгөн фуралардын санын билүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, 10-октябрда кечинде кыргыз-казак чек ара бекеттеринде кезек күткөндөрдүн саны өсүп, алар бир нече сааттап туруп жатышкандыктарын айта баштаган.

Эмне себептен мындай болуп жатканы боюнча казак тарап азырынча расмий жооп бере элек.

Кыргыз-казак чек арасында учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Тема:
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абал (51)

Тема боюнча

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" бекетине чатыр тигилди
Казак серепчиси: бийлик Атамбаевдин сөзүнө териккен жок деп ишенгим келет
Белгилер:
чек ара, өкмөт, Сапар Исаков
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ