Жумгалдан Сокулуктагы кишилерге жалган маалым кат бергендерге иш козголду

Жазылуу
Кылмыш ишин иликтөө Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Нарындагы бөлүмүнө жүктөлдү

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Сокулук районунун тургундарына Жумгалда жашап кетти деп жалган маалым кат берген мамлекеттик кызматкерлер аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Жумгал райондук мамлекеттик архивинин, райондук байланыш бөлүмүнүн, социалдык фонд башкармалыгынын жана Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү Чүй облусунун Сокулук районунун 6 тургунуна бийик тоолуу Нарын облусунда иштеп кетти деп жалган маалым кат даярдап берген.

"Жалган документтердин негизинде бул жарандарга бийик тоолуу аймак үчүн берилчү акча пенсиясына кошулуп, жыйынтыгында мамлекетке 655 миң 928 сом зыян келген", — деп айтылат маалыматта.

Кылмыш ишин иликтөө Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Нарындагы бөлүмүнө жүктөлдү.

Андан сырткары, Нарын облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, алдамчылык беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0