Кыргызстанда төңкөрүш пландалганбы? Интернетке активисттердин сүйлөшкөнү чыкты

Жазылуу
Интернетке чыккан аудиожазууда өлкөдө баш аламандык уюштуруу боюнча сөз болот. Анда коомдук активист Мелис Аспеков делген кишинин башкалар менен сүйлөшкөнүн угууга болот

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Интернетке Кыргызстанда баш аламандык жасоо боюнча сүйлөштү делген активисттердин аудио жазуусу жарыяланды.

Активист делген кишилердин телефон аркылуу сүйлөшүүсүн Наиль Галеев аттуу колдонуучу YouTube сайтына жарыялады. Анын айтканына караганда аудиожазууга "Мекенчил" партиясынын мүчөсү Мелис Аспековдун Нурбек жана Жусуп деген активисттер менен жана "Элдик фронт" кыймылынын лидери Абдымалик Мырзаев, ошондой эле президенттикке талапкерлердин биринин тарапташы Мурат Жетимишбаев менен болгон сүйлөшүүсү жазылып алынган.

Аспековдун пикирин билүү үчүн байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал 9-октябрда депутат Канатбек Исаевдин кылмыш иши боюнча кармалган. УКМКнын маалыматына ылайык, Аспеков башка жарандар менен сүйлөшүп алып, өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу пландарына тиешеси бар.

Телефондук сүйлөшүүнүн катышуучулары аталган жазуу боюнча Facebook аркылуу түшүндүрмө беришти.

"Чынында ким чагымчыл экенин мен түшүнбөй жатам. Алар өздөрүнө керектүү жерлерин гана кесип алыптыр, бул адамкерчиликке жатпайт, чыныгы чагымчылдык. Менин 5 миңден ашык досум бар, алардын айрымдары менен сүйлөшүп турам. Алардын көбүнө чалса менин жакшы сапаттарымды айтып беришет. Биздин сүйлөшүүлөрдү толугу менен беришсе болмок экен. Бул окуя боюнча да өз пикиримди билдирем. Мен үчүн кабатыр болуп жаткан досторума ыраазычылык", — деп жазды Мурат Жетимишбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Канат Исаев канчага чейин камакта калары белгилүү болду
Абдымалик Мырзаев Sputnik Кыргызстан агенттигине аудиожазуудагы үн аныкы экенин тастыктап, бирок айткандары кескиленип, контексттен бөлүнүп алынганын айтты.

"Аспеков менен шайлоо алдындагы абал тууралуу сүйлөшкөнбүз. Акыркы сөздөрүбүз болсо бир гана Бабановдун абалы тууралуу болчу. Ал жакта мамлекеттик төңкөрүш тууралуу сөз да болгон эмес. Була аудиожазуу мен аябай таң калдырды", — деди Мырзаев.

Интернетке тарап кеткен аудиожазуу жана активист Мелис Аспековдун кармалышы боюнча президенттикке талапкерлердин бири Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев журналисттерге пикирин билдирди.

Анын айтымында, штабдын мүчөлөрү да, талапкердин тарапташтары да Аспеков менен мурда-кийин мамиле курган эмес.

"Ал биздин тарапташтардан эмес. Аспеков башында эле Бабановго каршы болуп, өзүнүн терс пикирлерин Facebook баракчасына жазып келген. Ал Бабановдун үстүнөн Боршайкомго арыз жазып жүргөн. Андыктан бул аракеттин баары атайын кызматтын колунан келген иш", — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0